Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч бир ойго келбеген, такыр ойдо жок, күтүлбөгөн жерден, капысынан болгон, таң каларлык. Эми бүгүн радио угасыңбы, телевизор көрөсүңбү, газета окуйсуңбу, дегеле үч уктаса тушкө кирбеген шумдуктуу окуяларга дуушар болосуң («Советтик Кыргызстан»). Анын күч-кубаты, уюштуруучулук таланты жетилип турган чагында үч уктаса түшкө кирбеген алаамат-мүшкүл окуя арабыздан жулуп кетти («Советтик Кыргызстан»). Өзүм да ушул балээге кирептер болом деген ой үч уктасам түшүмө кирбеген («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч бир ойго келбеген, такыр ойдо жок, күтүлбөгөн жерден, капысынан болгон, таң каларлык. Эми бүгүн радио угасыңбы, телевизор көрөсүңбү, газета окуйсуңбу, дегеле үч уктаса түшкө кирбеген шумдуктуу окуяларга дуушар болосуң. Өзүм да ушул балээге кириптер болом деген ой үч уктасам түшүмө кирбеген («Чалкан»). В.: Үч уктаса түштө жок. Берметтин жек көргөн кишисине тием деген ой анын үч уктаса түшүндө жок (Абдукаимов). Бирок, мындай кордук үч уктаса түшүмдө жок эле (Бейшеналиев). Уктаса түшкө киргис. Басмачылардын бул жоругу уктаса түшкө киргис иш болду (Бейшеналиев).